Слушать и скачать онлайн премьера песни Гульназ Чыныбек кызы - Аттиң ай в высоком качестве mp3, текст песни, без регистрации на телефон, ПК, TV, Iphone или планшет.
Аткаруучу: Гульназ Чыныбек кызы
Алтындай жаштык өмүрдө
Армансыз өтсөк эмне?
Көңүлдө кайгы болбостур
Кошулсаң сүйгөн теңиңе
Күмүштөй жаштык өмүрдө
Күйүтсүз өтсөк эмне?
Жаркырап жанар жылдызым
Жанашсаң сүйгөн теңиңе
Кайырма
Аттиң ай, аттиң ай
Армансыз жаштык, ай
Өмүрүң өтсө да
Алтындай шаттык, ай
Жаштыктын гүлүн терели
Жаштыктын сүйүү белеги
Жаркынын жанда болбосо
Жашоонун барбы кереги?
Махабат гүлүн терели
Махабат жаштык белеги
Жалжалың жанда болбосо
Жашоонун канча кереги?
Кайырма
Аттиң ай, аттиң ай
Армансыз жаштык, ай
Өмүрүң өтсө да
Алтындай шаттык, ай
Жашырбай жаштык илепти
Жараткан берсин тилекти
Жалжалым, езуң даарыла
Жарадар болгон жүрөктү
Кайырма
Аттиң ай, аттиң ай
Армансыз жаштык, ай
Өмүрүң өтсө да
Алтындай шаттык, ай
Аттиң ай, аттиң ай
Армансыз жаштык, ай
Өмүрүң өтсө да
Алтындай шаттык, ай
YouTube булагы
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.